TOGG жаңы моделин таанытты
9-12-январда Лас-Вегаста өтө турган CES 2024 көргөзмөсүндө көрсөтүлүшү күтүлгөн жаңы моделдин «T10S» катары чыгаары болжолдонууда.
Түркиянын автомобилин демилгелөө тобу (TOGG) CES 2024 керектөөчү электроника жана IT жарманкесинде көрсөтүлүшү күтүлгөн жаңы седан моделинин биринчи жарнамалык видеосун бөлүштү.
Электр унаа TOGG боюнча «T10» сүрөттөмөсү менен бөлүшүлгөн видеодо, суроо белгиси менен жаңы моделдин аталышына көңүл бурулганы менен, каралып жаткан унаа тез саптары (fastback) бар седан экени көрүнүп турат.
9-12-январда Лас-Вегаста өтө турган CES 2024 көргөзмөсүндө көрсөтүлүшү күтүлгөн жаңы моделдин «T10S» катары чыгаары болжолдонууда.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, TOGGдун седан моделинин 2024-жылдын аягында тааныштырыла турганын жана өндүрүштүн 2025-жылы баштала турганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Министр Болат: "АКШ менен соода өсүүдө"
Өмер Болат Стамбулда өткөрүлгөн Trade Winds иш-чарасында сөз сүйлөдү.