Трабзондон 59 өлкөгө фундук экспорттолду

Арслантүрк Түркиядан 2023-жылы 284 миң 141 тонна фундук экспорттолгондугун, андан 1 миллиард 866 миллион 735 миң 417 долларлык кирше түшкөнүн белгиледи.

2083660
Трабзондон 59 өлкөгө фундук экспорттолду

Трабзондон өткөн жылы 59 өлкөгө фундук экспорттолду.

Чыгыш Карадеңиз фундук жана азыктары сектору комитетинин төрагасынын орун басары Себахаттин Арслантүрк жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркиядан 2023-жылы 284 миң 141 тонна фундук экспорттолгондугун, андан 1 миллиард 866 миллион 735 миң 417 долларлык кирше түшкөнүн белгиледи.

Аслантүрк экспорттун 531 миллион 17 миң 330 доллар менен 29 пайызынын Трабзондон жасалганын айтып: «Трабзондон 59 өлкөгө фундук экспорттолсо, эң көп экспорт жасалган өлкөлөр Италия, Германия, Польша, Франция жана Бразилия болду»,- деди.



Тектеш кабарлар