Экономикалык ишеним индекси өстү

Экономикалык ишеним индекси декабрь айында айлык базада  1,1 пайызга өсүп 96,4кө жетти.

2081903
Экономикалык ишеним индекси өстү

Экономикалык ишеним индекси декабрь айында айлык базада  1,1 пайызга өсүп 96,4кө жетти.

Түркиянын статистика мекемеси декабрь айынын экономикалык ишеним индексинин маалыматын жарыялады.

Ушуга караганда  индекс ноябрь айында  95, 3 пайыз болгон болсо, декабрь айында 1,1 пайызга өсүп  96,4 болду.

Керектөөчү ишеним индекси да декабрь айында айлык базада 2,6 пайызга өсүп 77,4кө жетти.

Ушул эле мезгилде реалдуу сектордун ишеним индекси 0,5 пайызга төмөндөп, 103,4 болду.

Кызмат секторунун ишеним индекси 1,2 пайызга өсүп 112,3 пайызга жетти.

Чекене соода секторунун ишеним индекси 4,5 пайызга өсүп 116,8ге, курулуш секторунун ишеним индекси 3,3 пайызга төмөндөп 88ге жетти.

 

 



Тектеш кабарлар