Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Испанияда

Шимшек, жыйындардын абдан жемиштүү өткөнүн билдирди.

2077071
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Испанияда

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин эл аралык инвестициялык жолугушууларынын кийинки аялдамасы Испания болду.

2 триллион долларлык испан фирмаларынын жетекчилери менен жолуккан министр Шимшек, жыйындардын абдан жемиштүү өткөнүн билдирди.

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек социалдык медиа баракчасынан, Испаниядагы эл аралык инвестициялык жолугушууларына баа берди.

Шимшек Испаниянын BBVA банкынын кожоюндугунда 2 триллион долларлык фирмалардын жетекчилери менен жолугушкандарын айтты.

Жыйындардын абдан жемиштүү өткөнүн белгилеген Шимшек: «Байланыш, финансы, энергетика, саламаттыкты сактоо, туризм, автомобиль жана текстиль секторлорунан инвесторлор, Түркиянын өсүү потенциалына жана сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрүнө чоң кызыгуу менен жакындап жатышат»,-деди.

Казына жана каржы министри Шимшек Орто мөөнөттүү программанын Түркияга инвестиция салуулардын жандануусуна чоң салым кошконун айтты.



Тектеш кабарлар