Египетте «EDEX 2023» жарманкеси башталды

40 өлкөдөн 400гө жакын компания катышкан EDEX 2023түн ачылышы Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана коргоо министри Мухаммад Зекинин катышуусунда өттү.

2072405
Египетте «EDEX 2023» жарманкеси башталды

Аселсан, Байкар, BMC жана Жаник сыяктуу түрк фирмалары катышкан Египет Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкеси (EDEX 2023) Египеттин борбор шаары Каирде жергиликтүү жана чет элдик катышуучуларга каалгасын ачты.

40 өлкөдөн 400гө жакын компания катышкан EDEX 2023түн ачылышы Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана коргоо министри Мухаммад Зекинин катышуусунда өттү.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн коргоо министри Зеки коргоо өнөр жай жарманкесинин эл аралык жана аймактык коопсуздукту солкулдаткан согуштардын негизинде өзгөчө мааниге ээ болгонун айтты.

Зеки «Египеттин куралдуу күчтөрү өлкөнүн коопсуздугун жана ырааттуулугун ар дайым коргойт»,-деп, коопсуздук жана тынчтыкты колдогон өлкөлөр менен кызматташтыкта ​​өз өлкөсүнө каршы ар кандай кол салууларды жок кыла ала турган күчкө жетүүгө аракет кылгандарын белгиледи.

Президент Сиси бүгүн ачкан жана быйыл үчүнчү жолу өткөрүлгөн EDEX 2023 жарманкеси 7-декабрга чейин уланат.

Жарманкеге Сауд Арабия, Бразилия жана Армения сыяктуу өлкөлөрдөн да чоң кызыгуу болуп жатат.



Тектеш кабарлар