Түркия өсүүдө биринчи орунда

Түркиянын 5,93 пайыздык өсүү темпи башка өлкөлөр менен салыштырылганда Европа Биримдиги (ЕБ), OECD жана G20 өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду ээлегени байкалды.

2071238
Түркия өсүүдө биринчи орунда

Түркия, жылдын 3-чейрегинде Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму (OECD) менен G20 өлкөлөрүнүн арасында эң ылдам өскөн экономика болду.

OECD жана Түркия статистика мекемесинин маалыматына караганда, Түркиянын 5,93 пайыздык өсүү темпи башка өлкөлөр менен салыштырылганда Европа Биримдиги (ЕБ), OECD жана G20 өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду ээлегени байкалды.

OECD өлкөлөрүнүн экономикаларынын орточо өсүшү 1,7 пайыз деп эсептелди.

OECDде экономикасы эң көп төмөндөгөн өлкө болсо 1,5 пайыз менен Норвегия болду.

Үчүнчү чейрек өсүү көрсөткүчтөрү жарыяланган Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн арасында да Түркия биринчи орунду ээледи.

Түркиядан кийин 4,9 пайыз менен Индонезия жана Кытай турат. Андан соң 3,2 пайыз менен Мексика орун алды. 



Тектеш кабарлар