Анчоустун экспортунан 11 миллион 168 миң долларлык киреше түштү

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) Башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркиядан 10 айда 2 миң тонна анчоус экспорттолгондугун маалымдады.

2066576
Анчоустун экспортунан 11 миллион 168 миң долларлык киреше түштү

Түркиядан жылдын 10 айындагы анчоус экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга өсүп 11 миллион 168 миң долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) Башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркиядан 10 айда 2 миң тонна анчоус экспорттолгондугун маалымдады.

Аталган тышкы сатуудан 11 миллион 168 миң долларлык киреше түшкөнүн белгилеген Гүрдоган, бул көрсөткүчтүн өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22 пайыздык өсүү дегенди билдиргенин айтты.

Гүрдоган бул мезгилде 25 өлкөгө анчоус сатылганын баса белгилеп: "Франция, Бельгия жана Германия эң көп экспорт кылынган үч өлкө болду. Бул мезгилде Францияга 4 миллион 7 миң 179 доллар, Бельгияга 3 миллион 507 миң 586 доллар, Германияга 958 миң 133 долларлык анчоус сатылды",- деди.

Гүрдоган өткөн жылдын ушул мезгилинен айырмаланып Өзбекстан, Ливан, Ирак, Молдова, Малайзия жана Сомалиге да анчоус экспорттолгондугун билдирди.



Тектеш кабарлар