Пакистан, Өзбекстан жана Ооганстан экономикалык кызматташтык жолугушуусу

Пакистан, Өзбекстан жана Ооганстан экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында аймактык соода жана кызматташтыкты талкуулашты.

2064453
Пакистан, Өзбекстан жана Ооганстан экономикалык кызматташтык жолугушуусу

Пакистан, Өзбекстан жана Ооганстан экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында аймактык соода жана кызматташтыкты талкуулашты.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда Пакистандын соода министри Гохар Эжаз, Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Хожаев жана Талибандын Ооганстандагы убактылуу өкмөтүнүн өнөр жай жана соода министринин орун басары Нуреддин Азизи борбор шаар Исламабадда жолугушту.

Үч тараптуу түрдө биринчи жолу өткөрүлгөн жолугушууда экономикалык карым-катнаштарды чыңдоо максатында аймактык соода жана кызматташтык талкууланып, үч өлкөнүн ортосундагы соода карым-катнаштарын арттырууга басым жасалды.

Жолугушууда Пакистан, Өзбекстан жана Ооганстандын ортосундагы соода тоскоолдуктарын азайтуу, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана чек ара соодасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Транспорт тармактарын көбөйтүү жана коммерциялык жүктөрдү ташууну жеңилдетүү үчүн инфраструктуранын жана аймактык байланыштын маанилүүлүгү баса белгиленген жолугушууда биргелешкен ишканалар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана түз чет элдик инвестицияларды арттыра турган түрдүү тармактардагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.



Тектеш кабарлар