Орусиянын жаратылыш газы Өзбекстанга Казакстан аркылуу ташылат

Орус газын Казакстан аркылуу Өзбекстанга жеткирүү аземине Орусиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев катышты.

2047856
Орусиянын жаратылыш газы Өзбекстанга Казакстан аркылуу ташылат

Орусия Казакстан аркылуу Өзбекстанга жаратылыш газын ташый баштады.

Орус газын Казакстан аркылуу Өзбекстанга жеткирүү аземине Орусиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Путин сөз болуп жаткан жүктүн үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы да бекемдей турганын баса белгилеп: «Өлкөлөрүбүздүн стратегиялык өнөктөштүгү уланат жана мындан ары да өнүгүп, элибизге конкреттүү натыйжаларды берерине ишенем»,-деди.

Токаев ошондой эле орус газынын Казакстан аркылуу Өзбекстанга ташылышы тарыхый окуя экенине көңүл буруп: «Мамлекетибиздин туруктуу социалдык-экономикалык прогрессинде жаратылыш газ тармагы өзгөчө роль ойнойт. Ошондуктан бул долбоор бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарына жооп берет»,-деп айтты.

Мирзиёев Орусия жана Казакстан менен мунай жана жаратылыш газ тармагында кызматташтыкты кеңейтүүнү каалашкандарын айтты.

Жаратылыш газ өндүрүүчү өлкөлөрдүн катарына кирген Өзбекстан өндүрүш кубаттуулугунун төмөндөшүнөн улам биринчи жолу Орусиядан жаратылыш газын импорттоого чечим чыгарды.

Орусиянын Газпром энергетикалык компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстан эки жыл бою Орусиядан күнүнө 7 миллион куб метр жаратылыш газын импорттойт.



Тектеш кабарлар