"Crown Iris" круиздик кемеси Аланияга келди
Районго быйыл төртүнчү жолу келген кемеде көпчүлүгү израилдик болгон 1606 жүргүнчү жана 593 персоналдын бар экендиги белгиленди.
2039509
Панама желектүү круиздик кеме «Crown Iris» Антальянын Алания районуна келди.
Израилдин Хайфа портунан жолго чыккан 207 метр узундуктагы кеме Алания портуна токтоду.
Районго быйыл төртүнчү жолу келген кемеде көпчүлүгү израилдик болгон 1606 жүргүнчү жана 593 персоналдын бар экендиги белгиленди.
Бажы процедураларынан кийин кемеден түшкөн туристтердин айрымдары шаардын борборунда соода кылып, кээ бирлери Аланиянын тарыхый жана туристтик жерлерин кыдырышты.