Түркиянын мөмө жана жашылча-жемиш экспортунда өсүү

Жер ортолук деңиз мөмө жана жашылча-жемиш экспорттоочулар биримдигинин төрагасы Ферхат Гүрүз маалымат берди.

2027346
Түркиянын мөмө жана жашылча-жемиш экспортунда өсүү

Түркия жылдын биринчи 7 айында 1 миллиард 892 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспорттоду.

Жер ортолук деңиз мөмө жана жашылча-жемиш экспорттоочулар биримдигинин төрагасы Ферхат Гүрүз жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, июль айында өлкөнүн жалпысында мөмө жана жашылча-жемиш экспортунун өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27 пайыздык өсүү менен 197,1 миллион долларга жеткенин маалымдады.

Сектордун июль айында 192 миң 700 тонна продукцияны эл аралык рыноктордо баалаганын белгилеген Гүрүз, бул мезгилде эң көп сатуунун алча-вишня, шабдалы жана өрүк топторунда болгонун билдирди.

Гүрүз июлда Германия, Орусия жана Нидерландиянын эң көп экспорт жасалган өлкөлөр экенин айтып: «Сектордун экспорту январь-июль айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 892 миллион долларга жетти»,-деди.



Тектеш кабарлар