Түркиянын экономикасы өсүүдө

Жевдет Йылмаз Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) Түрк экономикалык кеңешинде сөз сүйлөдү.

2025555
Түркиянын экономикасы өсүүдө

Вице-президент Жевдет Йылмаз, Түркиянын 6-февралдагы кылымдын апаатына карабастан өсүүнү улантканын баса белгиледи.

Жевдет Йылмаз борбор шаар Анкарада Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) Түрк экономикалык кеңешинде сөз сүйлөдү.

Түркиянын күчтүү өндүрүш жана экспорт мүмкүнчүлүктөрү менен оң айырмачылыкка жетишкенин айткан Йылмаз: "6-февралдагы жер титирөө апаатына карабастан Түркиянын экономикасы 2023-жылдын биринчи чейрегинде 4 пайызга өстү",-деди.

Түркиянын күчтүү өндүрүш жана экспорт мүмкүнчүлүктөрү менен башка өлкөлөрдөн позитивдүү түрдө айырмаланганын билдирген Йылмаз, Түркиядагы жалпы жумуштуулуктун да 2023-жылдын июнь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 265 миң кишиге өсүп 31,7 миллионго жеткенин маалымдады.



Тектеш кабарлар