Темир жана темирден тышкаркы металлдар секторунун экспорту

Июль айында эң көп экспорт 142,4 миллион доллар менен Германияга жасалды.

2020816
Темир жана темирден тышкаркы металлдар секторунун экспорту

Түркияда январь-июль айларынын аралыгында темир жана темирден тышкаркы металлдар секторунун экспорту 7,4 миллиард долларга жетти.

Стамбулдун темир жана темирден тышкаркы металлдар боюнча экспортчулар бирикмесинин (IDDMIB) билдирүүсүнө караганда, темир жана темирден тышкаркы металлдар секторунун экспорту июль айында 989 ​​миллион долларды, январь-июль мезгилинде болсо 7,4 миллиард долларды түздү.

Июль айында эң көп экспорт 142,4 миллион доллар менен Германияга жасалды.

Экинчи орунду 50,8 миллион доллар менен АКШ, үчүнчү орунду 49,7 миллион доллар менен Италия ээледи.

Июль айында сектор эң көп экспорт кылган аймак болгон Европа Биримдиги өлкөлөрүнө 517,8 миллион долларлык экспорт ишке ашты.



Тектеш кабарлар