Түркиянын гилас экспорту

Түркия 2023-жылдын 4-августуна чейин 75 миң тонна гилас экспорттоду.

2020633
Түркиянын гилас экспорту

Түркия өндүрүштө дүйнө лидери болгон гиластын экспорту 205 миллион долларга жетти.

Эгей мөмө жана жашылча-жемиш экспорттоочулар биримдигинин төрагасы Хайреттин Учак өз билдирүүсүндө, бирикменин маалыматына караганда Түркиянын 2023-жылдын 4-августуна чейин 205 миллион долларга 75 миң тонна гилас экспорттогонун айтты.

«Өткөн жылы 57 миң тонна гилас экспорттогонбуз, быйыл 75 миң тоннага жеттик. 2023-жылы түрк гиласынын экспорту көлөмү боюнча 32 пайызга, наркы боюнча 54 пайызга өстү. 54 башка экспорттук рынокко жеттип, 34 өлкөгө жана аймакка экспортубузду көбөйттүк»,-деди.

Түркиянын гилас өндүрүшүндө дүйнөдө биринчи орунда экенин белгилеген Учак төмөнкү маалыматтарды берди:

«Германия, Орусия сыяктуу салттуу рынокторубуздан тышкары түрк гиласыбыз Гонконг, Сингапур жана Индия сыяктуу өлкөлөрдө абдан популярдуу. Бул сезондо негизги рынокторубуз болгон Германияга 91 пайыздык өсүү менен 92 миллион доллар, Орусияга 41 миллион долларлык экспортту ишке ашырдык. Австрия 14 миллион доллар жана 686 пайыздык өсүү менен экспортубузда үчүнчү орунду ээледи. Италия да астрономиялык өсүш байкалган рынок болуп саналат. Италияга 7,7 миллион доллар, Норвегияга 7,1 миллион долларлык экспортубуз бар. Британия жана Испанияда да чоң ийгиликтерге жетиштик».



Тектеш кабарлар