«Crown Iris» круиздик кемеси 1600 израилдик туристти Мармариске алып келди

Районго үчүнчү жолу келген жана жылдын аягына чейин дагы 2 сапар жасай турган кеменин кийинки аялдамасы Израилдин Хайфа порту болот.

2007018
«Crown Iris» круиздик кемеси 1600 израилдик туристти Мармариске алып келди
turistler marmaris.jpg
crown iris.jpg

Панама желектүү «Crown Iris» круиздик кемеси 1600 израилдик туристти Мугланын Мармарис районуна  алып келди.

Родос портунан кийин эртең менен Мармарис булуңуна кирген 207 метрлик кеме Мармарис Круиз портунун чоң пристанына токтоду.

Кемеде 1600 израилдик жүргүнчү жана 600 кызматкердин бар экендиги билдирилди.

Туристтер Мармарис базарын, Калеичи жана маринаны кыдырып, соода кылып, кафелерде отурушту.

Тарыхый жана туристтик жерлерди да зыярат кылган туристтердин бир бөлүгү Далян Каунос туруна катышты.

Районго үчүнчү жолу келген жана жылдын аягына чейин дагы 2 сапар жасай турган кеменин кийинки аялдамасы Израилдин Хайфа порту болот.



Тектеш кабарлар