Түркиянын июнь айында экспорту 20,9 миллиард долларга жетти

Соода министрлиги июнь айынын тышкы соода маалыматтарын жарыялады.

2006383
Түркиянын июнь айында экспорту 20,9 миллиард долларга жетти

Түркиянын июнь айында экспорту 20 миллиард 901 миллион доллар болду.

Соода министрлиги июнь айынын тышкы соода маалыматтарын жарыялады.

Буга ылайык Түркиянын июнь айындагы экспорту 20 миллиард 901 миллион доллар болду.

2023-жылдын биринчи жарымында 6 айлык экспорт 123,4 миллиард долларды түздү.

Жылдын биринчи жарымында Түркиянын Европа Биримдигине экспорту 52 миллиард доллар, Африкага 10 миллиард доллар, Америкага 10,6 миллиард доллар, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышка 20,7 миллиард доллар деп эсептелди.

Дүйнөлүк экономикадагы стагнацияга карабастан, тышкы соодадагы оң жылыштар өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугун чыңдоо аркылуу инвестиция, өндүрүш, экспорт жана иш менен камсыз кылуу артыкчылыктары жагынан ылайыктуу чөйрөнүн түзүлүшүнө өбөлгө түзөт.



Тектеш кабарлар