Түркия жылдын биринчи 5 айында 15,5 миллион туристти кабыл алды

2023-жылдын январь-май айларында Түркияга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23,65 пайызга өстү.

2003641
Түркия жылдын биринчи 5 айында 15,5 миллион туристти кабыл алды

Түркия 2023-жылдын алгачкы 5 айында 15 миллион 593 миң 489 туристти кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, Түркияга келген туристтердин 14 миллион 34 миң 175ин чет элдиктер, 1 миллион 559 миң 314үн чет өлкөдө жашаган жарандар түздү.

2023-жылдын январь-май айларында Түркияга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23,65 пайызга өстү.

Жылдын биринчи 5 айында Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде Орусия 110,12 пайыздык өсүү менен биринчи, Германия 20,75 пайыздык өсүү менен экинчи, Болгария болсо 11,64 пайыздык өсүү менен үчүнчү орунга чыкты. Бул өлкөлөрдөн кийин Британия жана Иран турат.

Түркияга келген чет элдик туисттердин саны май айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 16,19 пайыз өсүп 4 миллион 500 миң 242 болду.

Май айында эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде мурунку жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 76,55 пайыздык өсүү менен Орусия биринчи, Германия 24,04 пайыздык өсүү менен экинчи, Британия болсо 12,07 пайыздык өсүү менен үчүнчү орунду ээледи. Андан соң Болгария менен Иран турат.



Тектеш кабарлар