Өнөр жайда 7 тармакта экспорт рекордго жетти

Тркиянын экспорту бул жылдын биирнчи  5 айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 0,2 пайызга өсүп, 102 миллиард 520 миллион долларга жетти.

1997174
Өнөр жайда  7 тармакта экспорт рекордго жетти

Түркияда өнөр жайда 7 тармак бардык учурлардын эң жогорку январь  -  май экспортуна жетишти.

Түркиянын экспорту бул жылдын биирнчи  5 айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 0,2 пайызга өсүп, 102 миллиард 520 миллион долларга жетти.

Бул мезгилде өнөр жай секторунун Түркиянын жалпы экспортунун ичиндеги үлүшү 71,7 пайыз болду.

Булгаары жана булгаары продукциялары, автомобиль өнөр жайы, электр жана электроника, машиналар жана аксессуарлар, зергерчилик, коргонуу жана авиация өнөр жайы, кондициялоо өнөр жайы январь-май айларында бардык мезгилдердин эң жогорку экспортун ишке ашырды.

Бул мезгилде  булгаары жана булгаары продукциялары  866 миллион доллар, автомобиль өнөр жайы 14,3 миллиард доллар, электр жана электроника 6,6 миллиард доллар, машина жана аксессуарлар 4,6 миллиард доллар, зергерчилик өнөр жайы 2,6 миллиард доллар, коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы 2 миллиард доллар жана кондиционер өнөр жайы болжол менен 3 миллиард долларлык экспорт ишке ашты.

Жылдын алгачкы 5 айында булгаары жана булгаары продукциялары  7,5 пайыз, автомобиль өнөр жайы 14,8 пайыз, электр жана электроника 10,2 пайыз, машиналар жана аксессуарлар 12,2 пайыз, зергерчилик сектору 21 пайыз, коргонуу жана авиация өнөр жайы 22,5 пайыз, абаны кондиционерлөө өнөр жайы  8,3 пайыздык экспорт өсүшүн көрсөттү.

Өлкөлөр боюнча каралганда, жылдын 5 айында Россия Федерациясына 102,7 миллион долларлык булгаары жана булгаары продукциялары, 564,9 миллион долларга техника жана аксессуарлар экспорттолгон.

Германияга автомобиль өнөр жайы 2 миллиард доллар, абаны кондициялоо өнөр жайы 318,3 миллион доллар экспорттогон.

Электр жана электроника өнөр жайы Британияга 644,8 миллион доллар, зергерчилик өнөр жайы Бириккен Араб Эмираттарына 634,5 миллион доллар экспорттогон.



Тектеш кабарлар