Автоунаа секторунан май айында эң көп экспорт

Ушул күнгө чейин май айында эң көп экспорт сатууга жетишкен сектор 14 пайыздык үлүш менен Түркиянын экспортунда кайрадан биринчи орунга чыкты.

1995409
Автоунаа секторунан май айында эң көп экспорт

Түрк автомобиль өнөр жайы өткөн айда 3 миллиард долларлык тышкы сатуу менен ушул күнгө чейинки эң жогорку май экспортуна жетишти.

Улудаг автомобиль өнөр жай экспортчулар биримдигинин (OIB) билдирүүсүнө караганда, түрк автомобиль өнөр жайынын май айындагы экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32 пайыздык өсүү менен 3 миллиард 29 миллион 593 миң долларга жетти.

Ушул күнгө чейинки май айындагы эң жогорку экспортко жетишкен сектор 14 пайыздык үлүш менен Түркиянын экспортунда кайрадан биринчи орунга чыкты.

Автоунаа өнөр жайынын эң чоң субпродукт тобу болгон камсыздоочу тармагынын май айындагы экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 40 пайызга өсүп 1 миллиард 288 миллион долларга жетти.

Өлкөлөр боюнча эң чоң рынок Германияга 36 пайыздык өсүү менен 426 миллион доллар, Францияга 35 пайыздык өсүү менен 411 миллион доллар жана Улуу Британияга 24 пайыздык  өсүү менен 273 миллион долларлык экспорт ишке ашты.  

Экспорт Италияга 44,5 пайыз, Испанияга 57 пайыз, Польшага 32 пайыз, Бельгияга 31 пайыз жана Орусияга 172 пайыз өстү.



Тектеш кабарлар