АКШда карыз кризиси аяктады

Байден Ак үй менен республикачылардын ортосундагы узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашылган Фискалдык жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды.

1995003
АКШда  карыз кризиси аяктады

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) карыз кризиси аяктады.

АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн карыз чегин көбөйтүү менен дефолтко жол бербөө үчүн мыйзам долбооруна кол койду.

Байден Ак үй менен республикачылардын ортосундагы узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашылган Фискалдык жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды.

Ошентип, карыздын чеги 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулуп, федералдык өкмөт карыздын чегин жогорулатуу менен дефолтко жол бербейт.

АКШда карыздын чеги 19-январда 31,4 триллион долларга жетип, мүмкүн болгон дефолттун алдын алуу үчүн өзгөчө чаралар көрүлгөн.

Карыз чеги боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн аптада келишим түзүлүп, карыздын чегин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору алгач Өкүлдөр палатасында, андан соң Сенатта жактырылды.



Тектеш кабарлар