Кушадасына 5 круиздик кеме келди

Кемелерде 7 миң 550 турист бар.

1986748
Кушадасына 5 круиздик кеме келди

Түркиянын маанилүү туризм борборлорунан Айдындын Кушадасы районуна 5 круиздик кеме менен 7 миң 550 турист келди.

Эгей Порт Кушадасына бүгүн Мальта желектүү «Azamara Pursuit», Багам желектүү «Norwegian Jade», Норвегия желектүү «Viking Sky», Багам желектүү «Wind Star» жана Мальта желектүү «Celestyal Crystal» кемелери токтоду.

Круиздик кемелерден түшкөн 7550 туристтин айрымдары Эфес Байыркы шаарын жана Бүбү Мариямдын үйүн көрүү үчүн автобустар менен порттон жөнөп кетишти.

Саякат программаларына катышпаган туристтер болсо шаардын борборунда соода кылышты.



Тектеш кабарлар