IMF дүйнөлүк экономикалык өсүш болжолун төмөндөттү

Эл аралык Валюта Фонду 2023-жылдын апрель айындагы Дүйнөлүк экономиканын болжолу боюнча отчетун «Кыйынчылыктуу калыбына келтирүү» деген ат менен жарыялады.

1973842
IMF дүйнөлүк экономикалык өсүш болжолун төмөндөттү

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) дүйнөлүк экономиканын өсүү болжолун быйылкы 2,9 пайыздан 2,8 пайызга, 2024-жылга карата 3,1 пайыздан 3 пайызга төмөндөттү.

Эл аралык Валюта Фонду 2023-жылдын апрель айындагы Дүйнөлүк экономиканын болжолу боюнча отчетун «Кыйынчылыктуу калыбына келтирүү» деген ат менен жарыялады.

Отчетто Орусиянын Украинадагы согушунан кийин ылдам өскөн чийки зат баасынын басаңдаганына, бирок согуштун уланып, геосаясий тирешүүлөрдүн жогору болгонуна көңүл бурулду.

Отчетто «Азык-түлүккө жана энергияга баанын төмөндөшүнөн жана жеткирүү чынжырынын иштешинин жакшырышынан келип чыккан позитивдүү өзгөрүүлөргө карабастан, каржы секторундагы акыркы башаламандыктын күчөгөн белгисиздигинен улам тобокелдиктер ылдый багытта» деп айтылган.

Эл аралык валюта корунун отчетунда өткөн жылы 3,4 пайыз өсөөрү болжолдонгон дүйнөлүк экономиканын быйыл 2,8 пайыз, 2024-жылы 3 пайыз өсүүсү күтүлгөнү белгиленди.

IMFтин январь айында жарыялаган божомолдорунда дүйнөлүк экономика 2023-жылы 2,9 пайызга, 2024-жылы 3,1 пайызга өсөрү болжолдонгон.

Отчетто түрк экономикасынын быйыл 2,7 пайыз, 2024-жылы 3,6 пайыз өсүүсү күтүлгөнү белгиленди.

 



Тектеш кабарлар