Зер буюмдар экспорту
Түркияда зергерчилик өнөр жайынын экспорту жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31,1 пайызга өсүп 1 миллиард 683 миллион доллар болду.
![Зер буюмдар экспорту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fa65/caad/1ebd/6431515d79463.jpg?time=1718774186)
Түркияда зергерчилик өнөр жайынын экспорту жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31,1 пайызга өсүп 1 миллиард 683 миллион доллар болду.
Түркия экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, сектордун экспорту март айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 70,3 пайызга өсүп 740,2 миллион долларга жетти.
Жылдын биринчи чейрегинде зергерчилик өнөр жайы 371,6 миллион доллар менен эң көп Бириккен Араб Эмирликтерине экспорт жасады.
БАЭден кийин 280,6 миллион доллар менен Швейцария, 223,1 миллион доллар менен АКШ, 144,7 миллион доллар менен Гонконг турат. Эң көп экспорт кылган башка өлкөлөр Кыргызстан, Мексика, Израиль жана Германия болду.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718774186)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.