Түркия 68 өлкөгө калемпир экспорттоду

Кызыл мурчу экспорттоодо 435 миң доллар менен Германия биринчи орунду алса, 430 миң доллар менен Нидерландия жана 362 миң доллар менен Сауд Арабия турат.

1971588
Түркия 68 өлкөгө калемпир экспорттоду

Үстүбүздөгү жылдын үч айында Түркиядан 68 өлкөгө 2 миллион 877 миң долларга кызыл мурч сатылды.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин маалыматына караганда, өткөн жылдын январь-март мезгилинде 2 миллион 527 миң доллар болгон чили калемпиринин экспортунун көлөмү быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 14 пайызга өсүп 2 миллион 877 миң долларга жетти.

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Германия, Нидерландия, Сауд Арабия, Англия, Ирак, Франция, АКШ, Орусия, Бириккен Араб Эмираттары, Ливия, Канада, Кытай Эл Республикасы, Оман, Япония, Болгария, Гана, Мозамбик, Куба жана Марокко да арасында болгон 68 өлкөгө 1035 тонна кызыл калемпир жөнөтүлдү.

Калемпирди экспорттоодо 435 миң доллар менен Германия биринчи орунду алса, 430 миң доллар менен Нидерландия жана 362 миң доллар менен Сауд Арабия турат.



Тектеш кабарлар