ЕБ экономикасы кыскарды

Европанын статистикалык бюросу (Евростат) 2022-жылдын акыркы чейрегиндеги ЕБ менен Евроаймактын өсүү темптери боюнча маалыматтарды жаңылады.

1956717
ЕБ экономикасы кыскарды

Европа Биримдигинин (ЕБ) экономикасы 2022-жылдын төртүнчү чейрегинде мурунку чейрекке салыштырмалуу 0,1 пайызга кыскарды.

Европанын статистикалык бюросу (Евростат) 2022-жылдын акыркы чейрегиндеги ЕБ менен Евро аймактын өсүү темптери боюнча маалыматтарды жаңылады.

Буга ылайык, 19 мүчөлүү Евро аймагынын ички дүң продукциясы (ИДП) өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде мурунку чейрекке салыштырмалуу өзгөрүүсүз калды. Еврозонада ИДП 2022-жылдын акыркы чейрегинде 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,8 пайызга өстү.

ЕБде болсо ИДП 2022-жылдын төртүнчү чейрегинде мурунку чейрекке караганда 0,1 пайызга азайса, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайызга өстү.

ИДП акыркы чейректе мурунку чейрекке салыштырмалуу Германияда 0,4 пайыз, Италияда 0,1 пайыз азайса, Францияда 0,1 пайыз, Испанияда 0,2 пайызга өстү.

Жылдык негизде болсо ИДП Францияда 0,5 пайызга, Германияда 0,9 пайызга, Италияда 1,4 пайызга жана Испанияда 2,7 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар