104 өлкөгө калемпир экспорттолду
2021-жылы Түркиядан 9 миллион 222 миң долларлык калемпир экспорттолду.
1931821
Түркиянын калемпир экспорту 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 14 пайызга өсүп 10,5 миллион доллардан ашты.
Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, 2021-жылы Түркиядан 9 миллион 222 миң долларлык калемпир экспорттолду.
2022-жылы болсо экспорт 10 миллион 549 миң долларды түзүп, өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн 14,3 пайызга көп болду.
2022-жылы Германия, Британия, Франция, Норвегия, Өзбекстан, Нигерия, Мальта, Орусия, АКШ жана Италия баш болгон 104 өлкөгө 4 миң 241 тонна калемпир сатылды.
Былтыр калемпир эң көп экспорттолгон өлкө 2 миллион 350 миң доллар менен Германия болду.
Бул өлкөдөн кийин 1 миллион 401 миң доллар менен Нидерландия, 1 миллион 382 миң доллар менен Британия турат.