Түркиядан АКШга рекорддук экспорт

АКШнын түрк өнүмдөрүнө болгон суроо-талабы 2022-жылы да өсүүсүн улантты.

1929915
Түркиядан АКШга рекорддук экспорт

Түркиянын АКШга экспорту өткөн жылы 14 миллиард 362 миллион доллар менен рекорддук деңгээлге жетти.

20 триллион долларлык экономикага ээ АКШнын түрк өнүмдөрүнө болгон суроо-талабы 2022-жылы да өсүүсүн улантты.

Түркия дүйнөлүк бренддер үчүн ыңгайлуу борбор болуу өзгөчөлүгүн сактап, эки өлкөнүн ортосундагы инвестициянын жана сооданын көбөйүшү Түркиянын өлкөгө экспортунда дагы эффективдүү натыйжаларга жетишине шарт түздү.

Башкы кеңсеси АКШда жайгашкан жана Түркияда иш алып барган америкалык фирмалардын Түркиядагы соода ишмердүүлүгүн кеңейтүүсү менен АКШнын түрк продукцияларына болгон суроо-талабы эң жогорку чегине жетти.

Түркиянын АКШга экспорту өткөн жылы 14 миллиард 362 миллион доллар менен рекорддук деңгээлди түздү.

2022-жылы АКШга экспорт мурунку жылга салыштырмалуу 11,8 пайызга өссө, АКШнын Түркиянын экспортундагы үлүшү 5,6 пайыз болду. Ушундайча АКШ былтыр Орусиядан кийин Түркия эң көп экспорт кылган экинчи өлкө болду.

Өткөн жылы химиялык заттар сектору АКШга эң көп экспортту ишке ашырды. Өлкөгө сектордун экспорту 1 миллиард 523 миллион долларды түздү.

АКШга автомобиль өнөр жайы 1 миллиард 435 миллион доллар, болот өнөр жайы 1 миллиард 220 миллион доллар, даяр кийим жана тигүү өнөр жайы 1 миллиард 8 миллион доллар, зергерчилик тармагы болсо 998 миллион 332 миң долларлык экспорт жасады.



Тектеш кабарлар