Испаниялыктардын Түркияга болгон кызыгуусу 4 эсе өстү

Өткөн жылы Түркияга келген испаниялыктардын саны 75 миң болгон болсо, 2022 -  жылдын январь  -  октябрь мезгилинде 255 миңге жетип, жылдын акырына чейин бул сандын 300 миңге жетиши күтүлүүдө.

1922415
Испаниялыктардын Түркияга болгон кызыгуусу 4 эсе өстү

Түрк сериалдары жана саламаттыкты сактоо туризминин таасири менен испаниялыктардын Түркияга болгон кызыгуусу өткөн жылга караганда 4 эсе өстү.

Өткөн жылы Түркияга келген испаниялыктардын саны 75 миң болгон болсо, 2022 -  жылдын январь  -  октябрь мезгилинде 255 миңге жетип, жылдын акырына чейин бул сандын 300 миңге жетиши күтүлүүдө.

Испаниялыктардын Түркияны маанилүү бир жер катары көрө башташында түрк сериалдарынан тышкары саламаттыкты сактоо туризми да таасирдүү болду.

Түрк аба жолдорунун  Мадрид директору Нуман Чизмежиоглу түрк сериалдарынын Испанияда күндөн - күнгө кеңири жайылып, телекөрсөтүүлөрүндө эң көп көрүлгөндүгүн айтты.

Чизмежиоглу : «Түрк сериалдарына болгон кызыгуунун канчалык деңгээлде экендигин өз секторубуздан да көрдүк. Испаниялыктар бизден Түркия тууралуу маалымат алып жатып же билет алып жатканда : «Сериалдар тартылган жерлер кайсы жерлер, ал жердерге барууга болобу»,- деп сурашат. Айрым агенттиктердин испаниялык туристтерди Түркияда сериалдар тартылган жерлерге алып баргандарын да угуп жатабыз»,- деди.

Саламаттыкты сактоо туризминин да биринчи этапта чач трансплантациялоо менен башталгандыгын айткан Чизмежиоглу : «Биричнич этапта испаниялыктар үчүн чач трансплантациялоодо Түркия рыногу абдан популярдуу болду. Бул арада алар Түркияда медициналык кызматтын канчалык сапаттуу экенин жана аларга арзан баада берилгенин байкап билишти. Азыркы учурда эстетика, тиш, көз операциялары үчүн да Түркияга келишүүдө. Бул рынок дагы да өнүгөт»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар