Министр Небатиден инвесторлорго чакырык

Министр Набати Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн 6-Келечек инвестиция демилгеси конференциясына катышты.

1898044
Министр Небатиден инвесторлорго чакырык

Казына жана каржы министри Нуреддин Небати инвесторлорду, Азияда жана Европада өсүп келе жаткан күч болгон Түркиянын борбордук позициясынан пайдаланууга чакырды.

Министр Набати Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн 6-Келечек инвестиция демилгеси конференциясына катышты.

Небати бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын 4 сааттык учуу аралыгы менен 1 миллиард 300 миллион калкка жана 26 триллион долларлык рынокко жетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин, стратегиялык позициясы, кеңири өндүрүштүк кубаттуулугу жана заманбап логистикалык инфраструктурасы менен дүйнөлүк соода жолдорунун борборунда жайгашканын айтты.

Түркиянын 2022-жылдын биринчи жарымында 7,5 пайыз өскөнүн баса белгилеген министр Небати: «Азияда, ошондой эле Европада өсүп келе жаткан держава болгон өлкөбүздүн, Европа менен Азияны бириктирген борбордук жайгашуусу эки аймак менен тең мамилесинде кызматташуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. Сиздердин бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана турганыңыздарга ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар