Муглага келген туристтердин саны 9 айда 2 миллион 622 миңден ашты

Облустук маданият жана туризм башкармалыгы маалымат берди.

1892346
Муглага келген туристтердин саны 9 айда 2 миллион 622 миңден ашты

Түркиянын маанилүү туризм борборлоруна эгедер Мугла 9 айда 2 миллион 622 миң 796 туристти кабыл алды.

Жер Ортолук деңизи менен Эгейди бириктирген, табигый кооздуктары жана байыркы шаарлары менен белгилүү болгон туризм шаары Мугла 340 миң керебеттүү жайлар менен жергиликтүү жана чет элдик конокторго кызмат кылууда.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда Муглага жылдын 9 айында 2 миллион 622 миң 796 турист келди.

Шаарга эң көп турист келген өлкөлөр 1 миллион 129 миң 603 турист менен Англия, 311 миң 261 турист менен Орусия, 187 миң 479 турист менен Германия, 157 миң 395 турист менен Польша жана 92 миң 914 турист менен Нидерландия болду.



Тектеш кабарлар