Түрк чайы эң көп Бельгияга экспорттолду

Аталган экспорттон 16 миллион 595 миң 194 доллар киреше алынды.

1891328
Түрк чайы эң көп Бельгияга экспорттолду

 

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда январь - сентябрь айларында Түркиядан 106 өлкөгө, автономия жана эркин аймактарга 4 миң 870 тонна чай жөнөтүлдү. Аталган экспорттон 16 миллион 595 миң 194 доллар киреше алынды.

Буга ылайык 9 айлык чай экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда сан жагынан 42 пайыз, нарк жагынан 26 пайызга өстү.

Түркиянын чай экспортунда 3 миллион 921 миң 198 доллар менен Бельгия биринчи болду. Бул мамлекетке 1088 тонна чай экспорттолгон.

Бельгиядан кийин 2 миллион 238 миң 990 доллар экспорт менен Улуу Британия жана 1 миллион 865 миң 77 доллар экспорт менен Германия келди.

Өткөн жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, Түркиядан Эстония, Майотта жана Боливияга да  чай экспорттолду.



Тектеш кабарлар