Стамбул аэропорту 117 миллиард евро кирше алып келди

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу 2019 - жылдын 29 - октябрында ачылган Стамбул аэропортунун экономикалык таасирлери тууралуу инфографиканы Twitter баракчасынан бөлүштү.

1867429
Стамбул аэропорту 117  миллиард евро кирше алып келди

Стамбул аэропорту Түркияга 117 миллиард евро киреше алып келди.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу 2019 - жылдын 29 - октябрында ачылган Стамбул аэропортунун экономикалык таасирлери тууралуу инфографиканы Twitter баракчасынан бөлүштү.

10,25 миллиард евролук инвестиция менен Стамбул аэропортунун «мамлекеттин казынасынан эч кандай акча чыкпастан курулганын» белгилеген Караисмаиоглу:"Алына турган жалпы ижара акысы 26 миллиард евро. Ачылгандан бери экономикага кошкон салымы 80,7 миллиард евро. Түркия үчүн нөлдүк чыгаша менен жалпы 117 миллиард евро"- деди.

Караисмаилоглунун билдирүүсүндөгү инфографикага караганда Стамбул аэропорту улуттук кирешеге 23,75 миллиард евро, өндүрүшкө 51,3 миллиард евро, экспортко 4,2 миллиард евро, салыкка 1,23 миллиард евро салым кошкон, ал эми жумуштуулукка тийгизген таасири 972 миң болду.

Стамбул аэропорту менен убакыттан 84,3 миллион евро, күйүүчү майдан 56, 5 миллион евро,  экологиядан 7,8 миллион евро жана башка  нерселерден 97,8 миллион евро үнөмдөлдү.



Тектеш кабарлар