Жапония өзөктүк энергияны колдонууну көбөйтүүнү пландоодо

Премьер-министр Кишида Фумио 14-июлдагы билдирүүсүндө, активдүү реакторлордун санын 9га жеткирүүнү жана электр энергиясына болгон муктаждыктарынын 10 пайызын атомдук энергиядан камсыз кылууну максат кылышканын айтты.

1855931
Жапония өзөктүк энергияны колдонууну көбөйтүүнү пландоодо

Жапония өзөктүк энергияны колдонууну көбөйтүүнү пландоодо, анткени дүйнөлүк энергияга болгон баанын көтөрүлүшү кыш айларында электр энергиясынын жетишсиздигин жаратышы мүмкүн.

Премьер-министр Кишида Фумио 14-июлдагы билдирүүсүндө, активдүү реакторлордун санын 9га жеткирүүнү жана электр энергиясына болгон муктаждыктарынын 10 пайызын атомдук энергиядан камсыз кылууну максат кылышканын айтты.

Керектөө катуу болгон кыш айларында энергия менен камсыздоо жана сунуштоодо көйгөйлөр болушу мүмкүн экенине көңүл бурган Кишида: «Биз мүмкүн болушунча көп атомдук электр станцияларын мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүүнү максат кылып жатабыз»,-деди.

Билдирүү өкмөт жарандардан жай айларында электр энергиясынын жетишсиздигинен улам үнөмдөөнү суранган мезгилге туш келди.

Чектелген сандагы көмүр кендеринен башка казылып алынуучу ресурстарга ээ болбогон жана ири көлөмдө чийки мунай, жаратылыш газ жана көмүр импорттогон Жапония эл аралык энергия бааларынын өсүшүнөн терс таасир алууда.

Эл аралык энергетика агенттигинин 2021-жылдагы көрсөткүчтөрүнө караганда, электр энергиясын өндүрүүнүн 88 пайызын казылып алынган булактардан камсыздаган өлкө баа жана сунуштун туруксуздугуна карата алсыз абалда.

Ошондуктан Кишида өкмөтү өлкөнүн эбегейсиз атомдук кубаттуулугуна көз чаптырды окшойт.

2011-жылы Фукусима атомдук электр станциясындагы аварияга чейин Жапония электр энергиясына болгон муктаждыгынын 30 пайызын атомдук электр станцияларынан камсыздаган. Кырсык менен иштеп жаткан 54 реактордун 21и токтоп, жаңы реакторлордун курулушуна уруксат берилген эмес.

Калктын басымдуу бөлүгү өзөктүк реакторлордун иштешин жактайт.



Тектеш кабарлар