Түркия курулуш материалдарын экспорттоодо 5-орунга чыкты

Түркиянын экспорту өткөн жылы 19,6 пайызга өссө, эң көп экспорт кылынган өлкөлөрдүн арасында Израиль биринчи болду.

1854990
Түркия курулуш материалдарын экспорттоодо 5-орунга чыкты

Түркия эң көп курулуш материалдарын экспорттогон өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө 5-орунга чыкты.

Түркиянын курулуш материалдары өнөр жайчылар коомунун (Түркия ИMSAD) 2021-жылга карата маалыматынан даярдалган отчетко караганда, Түркия курулуш материалдарын экспорттоодо 4 орун алдыга жылды жана дүйнөдө 5-орунга көтөрүлдү.

Өткөн жылга салыштырмалуу 21,7 пайызга өсүп, 2021-жылы 1 триллион 79,4 миллиард долларга жеткен дүйнөлүк курулуш материалдарынын экспортундагы Түркиянын үлүшү 30,83 миллиард долларды түздү. Өлкөнүн дүйнөлүк курулуш материалдарынын экспортундагы үлүшү 2,86%га өстү.

Түркиянын экспорту өткөн жылы 19,6 пайызга өссө, эң көп экспорт кылынган өлкөлөрдүн арасында Израиль биринчи болду.

Андан кийин Америка Кошмо Штаттары жана Англия турат. Курулуш материалдарынын импорту 22,2 пайызга өсүп, 8,6 миллиард долларды түздү. Эң көп Кытай, Германия жана Италиядан импорттолду.

Дүйнөлүк курулуш материалдарынын экспортунда Кытай 253,6 миллиард доллар менен биринчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар