Түркиянын май айында экспорту 8 өлкөдө рекорддук көрсөткүчкө жетти

Айлык экспортто Түркия рекорд койгон өлкөлөр Сенегал, Доминикан Республикасы, Түндүк Македония, Руанда, Тажикстан, Камерун, Коста-Рика жана Черногория болду.

1845196
Түркиянын май айында экспорту 8 өлкөдө рекорддук көрсөткүчкө жетти

Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын экспорту май айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,2 пайыз өсүп 18 миллиард 972 миллион долларга жетти.

Айлык экспортто Түркия рекорд койгон өлкөлөр Сенегал, Доминикан Республикасы, Түндүк Македония, Руанда, Тажикстан, Камерун, Коста-Рика жана Черногория болду.

Бул мезгилде Түркия Сенегалга 87 миллион 265 миң доллар, Доминикан Республикасына 71 миллион 236 миң доллар, Түндүк Македонияга 66 миллион 522 миң доллар, Руандага 32 миллион 54 миң доллар, Тажикстанга 31 миллион 500 миң доллар, Камерунга 30 миллион 844 миң доллар, Коста-Рикага 28 миллион 409 миң доллар жана Черногорияга 28 миллион 255 миң доллар экспортту ишке ашырды. 

Түркиянын экспортто рекорд койгон 8 өлкөдөн бешине (Сенегал, Доминикан Республикасы, Түндүк Македония, Камерун жана  Коста - Рикага эң көп болот экспорттолду.

Тышкы сатууларда Руандада буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктар, Тажикстанда электр жана электроника, Черногорияда кеме жана яхта  кызмататры секторлору алдыга чыкты. 


 

 



Тектеш кабарлар