Анталья Spirit of Adventureни тосуп алды

QTerminals Антальяда бир күн болгондон кийин Чанаккалеге карай жолго чыкты.

1839859
Анталья  Spirit of Adventureни тосуп алды

Түркиянын алдыңкы соодалык жүк жана круиздик порту QTerminals Анталья  Британия желектүү кемеси  Spirit of Adventureни тосуп алды. 

Кипр рум бөлүгүнүн порт шаары Бафтан келген жана 529 жүргүнчүсү болгон, 236 метр узундукта, 31, 2 мтер кеңдиктеги кеме  QTerminals Антальяда бир күн болгондон кийин Чанаккалеге карай жолго чыкты. 

QTerminals Антальянын башкы директору Өзгүр Серт порт катары сезон боюнча дүйнөнүн бир топ жеринен келген кемелерди тосуп алууну улантарын белгилеп : "Портторубузда миңдеген жүргүнчүсү менен чоң кемелерди тосуп алуу, конок кылуу биз үчүн жана Жер Ортолук деңизинин маанилүү круиздик  багыттарынын бири болгон өлкөбүз үчүн абдан баалуу",- деди. 

Портто жалпы 370 метр узундуктагы эки круиздик пристан, 1830 метр квадраттык жүргүнчү станциясы менен круиздик кеменин жүргүнчүлөрүнө кызмат кылган 990 метр квадраттык багаж аянтынын бар экендигин айткан Серт жүргүнчү кемелерине жол көрсөтүү, коопсуздук, таза суу менен камсыздоо, таштандыларды чогултуу кызматтарынын аткарылгандыгын белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар