Түркиянын кеме жана яхта экспортунда өсүү болду

Түркиянын кеме жана яхта экспорту жылдын биринчи 5 айында 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26,3 пайызга өсүп 577 миллион 86 миң долларга жетти.

1837203

Түркия экспортчулар ассамблеясынын  маалыматына караганда Түркиянын экспорту быйылкы жылдын 5 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,4 пайызга өсүп 102 миллиард 504 миллион доллар болду.

Аталган мезгилде 125 өлкөгө 577 миллион 86 миң долларлык кеме жана яхта экспорттолду. Түркиянын жалпы экспортундагы кеме жана яхта экспортунун үлүшү 0,6 пайыз болду.

Бул мезгилде сектор эң көп экспорт кылган өлкө Норвегия болду. Жылдын биринчи чейрегинде Норвегияга 215 миллион 362 миң долларлык кеме жана яхта экспорттолду.

Норвегиядан кийин 37 миллион 331 миң доллар менен Пакистан, 29 миллион 114 миң доллар менен Маршалл аралдары, 27 миллион 119 миң доллар менен Кувейт жана 24 миллион 704 миң доллар менен Ирландия турат.

Тектеш кабарлар