Орусия энергия экспортунда түштүк жана чыгыштагы базарларга багыт алат

Владимир Путин борбор шаар Москвада өкмөт өкүлдөрү менен жаратылыш газ жана мунай секторуна байланыштуу жолугушууда тышкы базарлардын жабылышынан улам ички базардагы энергия талабын арттыра тургандарын айтты.

1812493
Орусия энергия экспортунда түштүк жана чыгыштагы базарларга багыт алат

Орусиянын президенти Владимир Путин энергия экспортунда доллар жана евродон баш тарта тургандарын айтып: «Батыштын энергетикалык ресурстарын жеткирүү азаят. Андыктан биз экспортубузду этап-этабы менен тез өнүгүп жаткан түштүк жана чыгыш рынокторуна багыттообуз маанилүү»,-деди.

Владимир Путин борбор шаар Москвада өкмөт өкүлдөрү менен жаратылыш газ жана мунай секторуна байланыштуу жолугушууда тышкы базарлардын жабылышынан улам ички базардагы энергия талабын арттыра тургандарын айтты.

Энергия экспортунда базар ар түрдүүлүгүн арттырып, доллар жана евродон алыстай тургандарын белгилеген Путин: «Батыштын энергетикалык ресурстарын жеткирүү азаят. Андыктан биз экспортубузду этап-этабы менен тез өнүгүп жаткан түштүк жана чыгыш рынокторуна багыттообуз маанилүү. Маанилүү инфраструктуралык объектилерди аныктап, алардын курулушун баштоо керек»,- айтты.

Энергия экспортунда улуттук валюталарга өтүү процессинин башталганын эске салган Путин: «Орусиянын энергетикалык ресурстарын экспорттоодо мамлекеттердин төлөмдөрү боюнча көйгөйлөр бар. Дос эмес өлкөлөрдүн банктары төлөмдөрдү кечиктирүүдө»,- деди.

Орусиядагы валюта базарынын сөз болуп жаткан процесске даяр болушу керектигин белгилеген орус лидери: «Бул жерде негизги маселе – каалаган валютаны эркин жана керектүү суммадагы орус рублине алмаштырууга мүмкүн кылуу»,-деп айтты.

Дос эмес өлкөлөрдүн валюталарын колдонууну азайтуунун стратегиялык милдет экенин баса белгилеген Путин: «Бул тышкы сооданын көлөмүн сактап калуу жана көбөйтүү, ишенимдүү жана болжолдуу өнөктөштөр менен туруктуу байланыштарды түзүү жагынан маанилүү»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар