Фуат Октай АКШнын Соода палатасынын улук вице-президенти Мирон Бриллиантты кабыл алды

Вице-президент Фуат Октайдын расмий резиденциясында өткөн жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

1796834
Фуат Октай АКШнын Соода палатасынын улук вице-президенти Мирон Бриллиантты кабыл алды
Turk heyeti abd.jpg

Вице-президент Фуат Октай Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Соода палатасынын улук вице-президенти Мирон Бриллиантты кабыл алды.

Октайдын расмий резиденциясында өткөн жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Алынган маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкөнүн соода алакалары менен катар дүйнөдөгү акыркы экономикалык өнүгүүлөр талкууланды.

Жолугушууда Түркиянын соода палаталары жана биржалар биримдигинин (TOBB) эквиваленти болгон АКШнын Соода палатасынын Украина-Орусия согушунан улам Орусиядан чыгууга аргасыз болгон америкалык фирмалардын Түркиядагы иш-аракеттерин улантуу жана коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкты арттыруу ишмердүүлүгүн улантуу боюнча биргелешкен иш алып баруусу талкууланды.

Ошол эле учурда Түркиядан жогорку даражалуу жетекчилер, парламент мүчөлөрү жана ишкерлерден турган делегация эки тараптуу экономикалык карым-катнаштарды талкуулоо үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) соода палатасына иш сапары менен келди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы жана Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) координациясында АКШга барган делегация Түркия менен АКШнын ортосундагы 100 миллиард долларлык соода көлөмүнүн алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Түркиядан келген жогорку даражалуу жетекчилер, парламент мүчөлөрү жана ишкерлерден турган делегация Вашингтондогу жолугушуусунун экинчи күнүндө АКШнын Соода палатасына барды.

Түрк делегациясы АКШнын Соода палатасынын жооптуу кызматкерлери менен Түркия менен АКШнын ортосундагы соода дипломатиясы жана эки тараптуу экономикалык карым-катнаштар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Түрк делегациясы АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар