"Украинадагы окуялардын экономикалык таасирлери Евро аймагында сезилип жатат"

Донохе: "Cогуштун Еврозонага чыгымы болорун моюнга алышыбыз керек"

1795470
"Украинадагы окуялардын экономикалык таасирлери Евро аймагында сезилип жатат"

Еврогруппанын төрагасы жана Ирландиянын каржы министри Пасхал Донохоэ, Орусиянын Украинага каршы согушунан пайда болгон экономикалык таасирлердин Европада да сезилгенин айтты.

Пасхал Донохое евро валютасын колдонгон Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлеринин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөргөн Еврогруппанын жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Украинадагы окуялардын экономикага терс таасирин тийгизгенине көңүл бурган Донохе: «Азыр бул согуштун экономикалык кесепеттери Европада сезилип жатат» деп айтып: "Cогуштун Еврозонага чыгымы болорун моюнга алышыбыз керек",-деди. 

Пасхал Донохое жыйында Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы жана Европа Борбордук Банкы (ECB) менен экономикалык өнүгүүлөргө баа бергендерин белгилеп: "Бул кризис өсүшкө таасирин тийгизет. Биздин жеткирүү түйүндөрүбүзгө таасирин тийгизди. Энергиянын баасын үй чарбалары жана ишканалар үчүн тынчсыздандыруучу деңгээлге чейин көтөрүүдө",- деп билдирди.

Белгисиздиктерди жана тобокелдиктерди эске алуу менен саясий жооптун так жана ийкемдүү болушу керектигине көңүл бурган Донохое, министрлердин быйылкы жылы колдоочу каржылык позициясын сактоого макул болгондорун айтты.



Тектеш кабарлар