Түркия 15 өлкөгө анчоус экспорттоду
Аталган экспорттон 1 миллион 663 миң 26 долларлык киреше түштү.
Түркиядан жылдын январь-февраль мезгилинде Бельгия баш болгон 15 өлкөгө анчоус экспорттолду.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркиядан жылдын 2 айында 337 тонналык анчоус экспорттолгондугун айтты.
Аталган экспорттон 1 миллион 663 миң 26 долларлык киреше түшкөнүн белгилеген Гүрдоган, эң көп экспорттун Бельгияга жасалганын билдирди.
Гүрдоган бул мезгилде 566 миң 872 долларлык анчоус сатылган Бельгиядан кийин Франция жана АКШнын турганын маалымдады.
Аталган мезгилде экспортун эң көп өстүргөн өлкөнүн Испания экенине көңүл бурган Гүрдоган, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып жылдын эки айында Италия, Кения жана Сирияга да анчоус сатылганын айтты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.