Түрк фирмалары АКШ базарына электрондук экспорт кыла башташат

Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) билдирүүсүнө караганда, Биримдик менен Америкалык компаниялар ассоциациясы түрк фирмаларынын АКШга электрондук экспорт жасоодо колдоо көрсөтүү максатында кызматташууда.

1779083
Түрк фирмалары АКШ базарына электрондук экспорт кыла башташат

Түрк фирмаларына Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) базарына электрондук экспорт мүмкүнчүлүгү берилет.

Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) билдирүүсүнө караганда, Биримдик менен Америкалык компаниялар ассоциациясы түрк фирмаларынын АКШга электрондук экспорт жасоодо колдоо көрсөтүү максатында кызматташууда.

Долбоорго ылайык, артыкчылыктуу тармактардагы потенциалдуу компаниялар аныкталат. Бул компанияларга өздөрүнүн электрондук экспорт процесстерин АКШ рыногуна жеткире алуулары максатында стратегиялык пландоо, консультация берүү жана бизнести өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүлөт. Компаниялар электрондук экспорт тармагындагы тажрыйбалуу командалар жана электрондук экспортко жаңы кадам таштаган актерлор менен чогулуп, кызматташтык тармагынын бир бөлүгү болушат.

Насаатчылык арыздары жактырылган эмерек, текстиль, даяр кийим-кече, машина өнөр жайы сыяктуу тармактарда АКШга электрондук экспорттоону максат кылган фирмалар чек аранын ары жагындагы электрондук соода процесстерин карап чыгуу,  бизнес көлөмүн көбөйтүү жана алардын процесстерин тездетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Насаатчылар менен жекеме-жеке жолугушуу өткөрө турган фирмалар да АКШнын Чикаго шаарында TOBB тарабынан түзүлгөн Түрк соода борбору менен байланышып, АКШ рыногундагы ылдамдыгын арттырат.

Насаатчылык программасына кайрылуулар бүгүн башталып, программага тапшырууну жана тренингдерден пайда көрүүнү каалаган компаниялар TOBB сайтындагы "https://www.tobb.org.tr/TurkiyeSektorMeclisleri/anket" дарегинде 28-февралга чейин анкета толтурушу керек.



Тектеш кабарлар