Дүйнөлүк чип сатуу 2021-жылы рекордго жетти

Жарым өткөргүч өнөр жай ассоциациясы (SIA) өткөн жылдагы жарым өткөргүчтөрдү сатуу боюнча маалыматтарды чыгарды.

1778503
Дүйнөлүк чип сатуу 2021-жылы рекордго жетти

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы таасирдүү болгон 2021-жылы дүйнөлүк жарым өткөргүч (чип) сатуу өткөн жылга салыштырмалуу 26,2 пайызга өсүп, 555,9 миллиард долларга жетти.

Жарым өткөргүч өнөр жай ассоциациясы (SIA) өткөн жылдагы жарым өткөргүчтөрдү сатуу боюнча маалыматтарды чыгарды. Буга ылайык, өткөн жылы санариптештирүүнүн ылдамдашы менен дүйнөлүк чип өндүрүүчүлөрдүн сатуусу 2020-жылга салыштырмалуу 26,2 пайызга өсүп, 555,9 миллиард долларга жеткен. Ошентип, чип сатуу боюнча жылдык рекорд жаңыланды.

2020-жылы сектордун сатуусу 440,3 миллиард долларды түздү. 2021-жылы жалпысынан 1,15 триллион чип сатылып, 2018-жылдан бери биринчи жолу 1 триллион чектен ашты.

Кытай өткөн жылы жарым өткөргүчтөрдүн эң ири базары бойдон калды. Өлкөдө чип сатуу 2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 27,1 пайызга өсүп, 192,5 миллиард долларга жетти.

Чиптерге суроо-талаптын жогору болушунан улам, SIA быйыл сатуунун болжол менен 9 пайызга көбөйүшүн күтүүдө, анткени Intel, TSMC жана Samsung Electronics сыяктуу бардык негизги камсыздоочулар өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.



Тектеш кабарлар