Түркия эң көп экспортту Германияга жасады

Тышка сатууда Германиядан кийин Бириккен Королдук, АКШ, Италия жана Испания келди.

1760902
Түркия эң көп экспортту Германияга жасады

 Түркия өткөн жылы эң көп өлкө тышы сатышын Германияга жасады.

Түркия экспортчулар ассамблеясынан берилген маалыматка караганда, Түркиянын экспорту өткөн жылы 2020 -  жылга караганда 32, 9 пайызга өсүп 225  миллиард 367, 7 миллион долларга жогорулады.

Түркиянын 2021 -  жылы Германияга жасалган экспорт жылдык базада 22, 9 пайыздык өсүү менен 17 миллиард 705, 4 миллион долларга жогорулады.

Тышка сатууда Германиядан кийин Бириккен Королдук, АКШ, Италия жана Испания келди.

2021 -  жылы Түркиянын тышка сатышы Бириккен Королдукка 26, 3 пайызга өсүп 13 миллиард 229, 7 миллион долларга, АКШга 45 пайыздык өсүү менен 12 миллиард 844, 7 миллион долларга, Италияга 40,5 пайызга жогорулап 10 миллиард 660, 5 миллион долларга, Испанияга 45,8 пайызга өсүп 9 миллиард 242 миллион долларга жетти.



Тектеш кабарлар