Соода министри Муш америкалык кесиптеши менен сүйлөштү

Муш Твиттердеги баракчасынан телефондогу сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди.

1758890
Соода министри Муш америкалык кесиптеши менен сүйлөштү

Соода министри Мехмет Муш америкалык кесиптеши Жина Раймондо менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Муш Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) соода министри менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди.

Министр Муш: «АКШнын соода министри Жина Раймондо менен телефон аркылуу жемиштүү сүйлөшүү өткөрдүк. 2021-жылы 28 миллиард долларга жакындап калган соода көлөмүбүздү көбөйтүү үчүн ташталышы керек болгон кадамдарды талкууладык. Алдыдагы мезгилде соода мамилелерибизди жакшыртуу үчүн тыгыз диалогдо болобуз»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар