Килем экспорту
Килем өнөр жай кеңешинин төрагасы Салахаттин Каплан маалымат берди.
1756345
Түрк килем экспорттоочулары 2021-жылы 3 миллиард 179 миллион 483 миң долларлык экспортту ишке ашырышты.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) килем өнөр жай кеңешинин төрагасы Салахаттин Каплан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өткөн жылы 2020-жылга салыштырмалуу 22,1 пайыздык өсүү менен 3 миллиард 179 миллион 483 миң долларлык экспортту ишке ашыргандарын айтып: «Биз быйылкы 4 миллиард долларлык экспорт максатына жетүү үчүн бардык керектүү иштерди жасайбыз»,-деди.