Түркияда тунецтин экспорту

Түркияга тунецтин экспортунан жыл сайын орто эсеп менен 80 миллион долларлык киреше түшөт.

1745201
Түркияда тунецтин экспорту
orkinos su urunleri.jpg
orkinos su urunleri.jpg
orkinos su urunleri.jpg
orkinos su urunleri.jpg
orkinos su urunleri.jpg

Жер Ортолук деңизинде кармалгандан кийин Эгей деңизиндеги капастарда өстүрүлгөн тунецтер Япониядан келген кемелерге жүктөлө баштады.

Жыл сайын май айында Жер Ортолук деңизине барган түрк балыкчылары, Атлантика тунецтерин коргоо боюнча эл аралык комиссиянын Түркияга берген квотанын алкагында тордо кармаган балыктарды Эгей деңизиндеги балык чарбаларына алып келишет.

Күн сайын сардин, үлүл жана скумбрия менен азыктанган, салмагы 350-400 килограммга жеткен тунецтер декабрь айында Эгей деңизинин жээгине токтогон япониялык кемелерге жүктөлөт.

Кемеде кесилип, тазаланган балыктар тоңдурулгандан кийин суши жана сашими жасоодо колдонуу үчүн Японияга жөнөтүлөт.

Түркияга тунецтин экспортунан жыл сайын орто эсеп менен 80 миллион долларлык киреше түшөт.



Тектеш кабарлар