Түркияда унаа тетиктеринин экспорту өстү

Жылдын 11 айында 26 миллиард 381 миллион 470 миң доллар болгон автомобиль өнөр жайынын жалпы экспорттук сатууларынын 40,8 пайызын ички өнөр жай өнүмдөрү түздү.

1744586
Түркияда унаа тетиктеринин экспорту өстү

Түркиядан январь-ноябрь айларынын аралыгында 10 миллиард 750 миллион 403 миң долларлык унаа тетиктери экспорттолду.

Улудаг Автоунаа өнөр жай экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, Түркиядан 2021-жылдын 11 айында 200дөн ашуун өлкө, эркин аймактар ​​жана автономдуу аймактарга ​​унаа тетиктери сатылды.

Өткөн жылдын январь-ноябрь мезгилинде 8 миллиард 430 миллион 964 миң доллар болгон суб-өнөр жай экспорту быйылкы жылдын 11 айында 27,5 пайызга өсүп, 10 миллиард 750 миллион 403 миң долларга жетти.

Жылдын 11 айында 26 миллиард 381 миллион 470 миң доллар болгон автомобиль өнөр жайынын жалпы экспорттук сатууларынын 40,8 пайызын ички өнөр жай өнүмдөрү түздү.

Кошумча тетиктер өнөр жайында эң көп экспорт жасалган өлкөлөрдү караганыбызда, автомобиль өнөр жайынын негизги рыногу болгон Германия биринчи орунду ээледи.

Германияга 11 айлык ички өнөр жай экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 33,85 пайызга өстү. Тизмеде экинчи орунда турган Италияга өсүш 42,27 пайыз деп белгиленди. Үчүнчү орунда турган АКШга экспорт 38,15 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар