Анталья туризмде чет элдик атаандаштарын артта калтырды

Өлкөлөрдүн рейтингине караганда Түркия биринчи, Испания экинчи, Греция үчүнчү болду.

1730753
Анталья туризмде чет элдик атаандаштарын артта калтырды

Дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди тарткан Анталья быйыл Жер Ортолук деңизиндеги туризм аймактарынын арасында эң көп туристти кабыл алган жер болду.

Туризмде 680 миң орундук менен кызмат кылган Анталья 10 айда 8 миллион 616 миң кишини кабыл алды. Шаар коронавируска (Ковид-19) карабастан саякатка чектөөлөрдүн алынып салынышы менен Орусия баш болгон Украина, Германия, Польша, Казакстан, Румыния, Нидерландия, Британия сыяктуу 60тан ашык өлкөдөн туристтерди өзүнө тартты.

Коопсуз туризм сертификат программасы менен «сапаттуу туризмдин» дареги болгон Анталья, быйылкы жылы Жер Ортолук деңизиндеги туризм аймактарынын арасында чет элдик атаандаштарына салыштырмалуу эң көп туристти кабыл алган шаар болду.

Өлкөлөрдүн рейтингине караганда Түркия биринчи, Испания экинчи, Греция үчүнчү болду.



Тектеш кабарлар