Кападокияны 10 айда 2 миллионго жакын турист зыярат кылды
Үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилинде облустагы музей жана урандыларды 1 миллион 917 657 турист зыярат кылган.
Түркиянын эң маанилүү туризм борборлорунун бири болгон Кападокияга жылдын биринчи 10 айында 1 миллион 917 657 жергиликтүү жана чет элдик турист келди.
Пери морулары, аскадагы тарыхый курулуштары, жер астындагы шаарлары, ысык аба шар турлары, ат жана кургактык унаалары менен сафари иш-чаралары менен дүйнөнүн төрт тарабынан туристтерди тарткан Кападокия өткөн жылы Ковид - 19га карата көрүлгөн чаралардын алкагында 874 424 зыяратчыны кабыл алды.
Үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилинде облустагы музей жана урандыларды 1 миллион 917 657 турист зыярат кылган.
Зелве урандылары 534 241 зыяратчы менен биринчи орунду алса, 458 776 турист менен Гөреме ачык асман алдындагы музей экинчи, Хажы Бекташ Вели музейи 280 680 зыяратчы менен үчүнчү орунду алды. Аймак 428 883 киши менен август айында эң көп зыяратчыны кабыл алды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.